Кофе ичүүнү токтотуунун маанилүү беш себеби

17 июня 2019 Кофе ичүүнү токтотуунун маанилүү беш себеби

Баарыбыз кофе зыяндуу суусундук экенин билгенибиз менен, анын адам организмине кандай таасир этерин биле бербейбиз. Сиздерге кофеден баш тартуунун беш себебин сунуштайт.

Кофени чектен тыш колдонгондо организмдин иштөө кызматы бузулат. Ошондуктан? өз ден соолугуңуз үчүн тынчсыздансаңыз эмне себептен кофе ичүүгө болбойт экенин билип жүргөнүңүз абзел.

1. Эгер балалуу болгуңуз келсе кофе ичүүнү токтотконуңуз оң болот

Себеби зыяндуу суусундук гармондорго таасир этет. Кофени керектөө адреналиндеги кортизолдун, башкача айтканда стресс гормонунун секрециясын жогорулатат. Анын деңгээлинин жогорулашы гормоналдык дисбаланска алып келиши мүмкүн. Бул кош бойлуу болуу мүмкүнчүлүгүнө жана кызмат көрсөтүүгө мүмкүндүк берген энелик безиндеги прогестерондун жетишсиздигине алып келет. Эгер кош бойлуу аял күнүнө кеминде төрт чыны кофе ичсе, бойдон түшүү коркунучу болжол менен 33 пайызды түзөт. Серепчилер кош бойлуу кезинде 20-жумадан кийин кофенин зыяны абдан күчтүү болот дешет.

2. Кофе витаминдер менен минералдардын сиңишине жолтоо болот

Күнүнө үч чыныдан көп кофе же кофеин кошулмасы бар таблеткаларды колдонсо адам организминдеги В, РР витаминдеринин күчү жоюлат. Ал организмдеги темирди, калийди, цинкти, кальцийди азайтат. 150 миллилитрдеги бир чыны кофе үч саат бою кальцийдин сиңимдүүлүгүн болтурбайт. Мындан тышкары, кофеин денедеги кальцийди жоёт, ал эми кофени ашыкча колдонгондо сөөктөрдүн морт болушуна алып келет.

3. Кофеин семиздикке алып келет

Биз кофеиндин кортизол өнүмүн артырарын жана бөйрөк үстүндөгү бездердин ишине таасир этерин айтканбыз. Бирок, бөйрөк үстүндөгү бездер метаболизмге кабылган калкан бези менен бирге иштерин баары биле бербейт. Ошентип, калкан безинин жакшы иштебей калуусу метабиолизмди басаңдатып, ашыкча салмак кошууга алып келет. Эгер бир нече килограмм салмак таштагыңыз келсе, кофеден баш тартышыңыз керек.

4. Кофеин боорго терс таасирин тийгизет

Кофенин сиңимдүүлүгү төмөн болгондуктан, боор, ашказандагы зыяндуу ферменттерди чыгарууда көп күч жумшайт. Ал эми ферменттер башка зыяндуу химиялык заттарга керек болгондо, боор кызматынын иши жайлашы мүмкүн. Ошондуктан, кофе ичкен адамдын боору жакшы кызмат аткарбайт.

5. Кофе сүйүүчүлөр үчүн бул суусундук убакыттын өтүшү менен таасир этпей калат

Бул абдан жаман белги, себеби калкан безине дайыма басым түшкөндүктөн ал иштөөсүн токтотот. Кофе организмди адреналин бөлүүгө мажбурлайт. Ал эми эгер сиз аны көп иче турган болсоңуз, анда сизге дайыма көп кофеин керек болот.

Белгилей кетсек, кофени көп ичкен учурда уйку безинин кызматы бузулуп, нерв системасында кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн.Ошондой эле, кофени көп ичкен адамдардын иммунитети төмөндөйт. Кофеиндин иммундук системага тийгизген зыяны көп. Калкан безинин туура кызмат аткарбай калышы алсыраган иммунитетке алып келет. Ал эми бул ар кандай ооруларды пайда кылат. Эгер түрдүү ооруларга сезимтал болсоңуз, кофе ичүүдөн оолак болушуңуз керек. Жок дегенде айыкканча, кофеин кошулган суусундуктарды колдонбогонуңуз туура.