Көздү чоңойтуп көрсөтүүнүн ыкмалары

17 июня 2019 Көздү чоңойтуп көрсөтүүнүн ыкмалары

Көпчүлүк кыздар көзүн чоң кылып көрсөтүүнүн айла-амалдарын билгиси келет. Ал үчүн ар түрдүү ыкмалар ойлоп табылган.

1. Кирпик кайрыгыч

Кирпикти атайын кичинекей кирпик кайрыгыч менен кайрып, тушь менен боёңуз. Ошондо кирпиктериңиз көтөрүлүп, узарат. Бул көздүн чоңураак болуп көрүнүшүнө жардам берет.

2. Ак боёк

Каштын астына жана көздүн ички жагына ак боек (тень) менен боёңуз.

3. Ачык түстөгү боёктор

Эгер көздү күңүрт түстөгү боёктор менен боёсоңуз, көзүңүздү кичине кылып көрсөтөт. Ал эми ачык түстүү боёк (тень) тескерисинче, чоңойтот.

4. Хайлайтер

Хайлайтерди бир гана көзгө эмес, жаак менен маңдайга сүйкөө керек. Бул ыкма бетиңиздин түсүн бирдей, тегиз, ары сергек кылып, көзүңүздү чоңойтот.

5. Кирпиктин үстүнкү жагын кара подводка менен боёо

Кара боёк менен көзүңүздүн үстүнкү жагын чийүү аркылуу көз даанараак көрүнөт.

6. Ак же ачык түстөгү карандаш

Төмөнкү кирпик өскөн сызык боюнча ак же ачык түстөгү карандаш (көзгө арналган) менен чийиңиз.

7. Жасалма кирпик

Узун кирпиктер көздү чоңойтуп көрсөтөт.

8. Кашты терүү

Кашты туура терсеңиз, кабагыңыз чоңоё түшөт. Ал көздүн чоң кылып көрүнүшүнө жардам берет.