Күйүттө турган ата-эне дарыгерлердин жаңылыштыгынан башка бирөөнүн баласын көмүп салды

14 июня 2019 Күйүттө турган ата-эне дарыгерлердин жаңылыштыгынан башка бирөөнүн баласын көмүп салды

Канаданын Виннипег шаарында ата-эне башка бирөөнүн баласын көмүп салышкан. Ага дарыгерлердин катачылыгы себеп болгон. Бул тууралуу The Mirror басылмасы кабарлайт.

19-апрелде Элис Кинак менен Тони Алагалактын жаңы туулган наристеси шаардык ооруканага оор абалда жеткирилет. Тилекке каршы, даргерлер анын өмүрүн сактап калышкан эмес. Арадан бир нече күн өткөндөн кийин наристенин денеси ата-энесине тапшырылган.

15-майда дарыгерлер кайгыга баткан үй-бүлө менен байланышып, оорукана кызматкерлери адашып, аларга башка баласынын денесин берип коюшканын айтышат. Алар окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн, көмүлгөн наристенин сөөгүн казып алуу керектигин айтышкан.

“Болгон окуяга ким күнөлүү экенин жана кандайча балдардын денесин алмаштырып жиберишкендерин билгим келет”, - дейт баланын энеси.

Ал эми оорукана кызматкерлери окуяга байланыштуу пикир билдирген жок.