Педофилдерге арналган бала кейпиндеги секс-куурчактар дүйнөнү бир силкинтти

5 ноября 2018

Педофилдерге арналган балдар кейпиндеги секс-куурчактарды чыгарууну сунуштаган изилдөөчүлөр дүйнө элин силкинтти. Бул тууралуу pure-t.ru сайты кабарлайт.

Бир катар изилдөөчү окумуштуулар балдар арасындагы зомбулукту азайтуу максатында бөбөк кейпиндеги секс-куурчактарды жасоону сунушташкан.

Алар: “Педофилдер балдар менен эмес, куурчактар менен жаман оюн ишке ашырып, ошолорду колдонуу аркылуу кылмыштан оолак болот”, - деген пикирин айтышкан.

Ал тургай айтылган сөздөрдү текшерүү максатында атайын изилдөө жүргүзүүнү ниеттеншүүдө.

Джорджия штатындагы технологиялык институттун профессору Рон Аркин: “Технологиялардын жардамы менен оюу бузуктарды токтотуунун бардык жолун караштырышыбыз керек”, - дейт.

Ошентсе да, куурчактар, тескерисинче педофилдердин санын арттырат деп эсептешкендер да көп. Алар: “Адамгерчилиги жок азгындарды куурчактар токтотуунун ордуна жаңы кылмышка түртөт”, - дешүүдө.

Ушул арада балдар кейпиндеги секс-куурчактарды чыгаруу Кытай менен Жапонияда колго алынып, дүйнөгө тарап үлгүрдү.

Кээ бир өлкөлөр бул чындыктын алдын алуу үчүн бала сыяктуу секс-куурчактарга мыйзам менен тыюу салып, аларды өз кезегинде сатыктан алып салышууда.