СҮРӨТТӨН БИРИНЧИ ЭМНЕ КӨРДҮҢҮЗ?

13 июня 2019 СҮРӨТТӨН БИРИНЧИ ЭМНЕ КӨРДҮҢҮЗ?

Мындай пландагы тесттер – өз мүнөзүңүздү ойлонуп түшүнүүдө сонун курал. Көп учурда психотерапевттерге бир же бир нече жагдайда адамдын жүрүм-турумун аныктоого жардам берет.

Бүгүнкү сүрөт сиздин ички дүйнөңүздү ачууга жардам берет. Карап көрүп, жооп бериңиз, биринчи эмне көрдүңүз?

Эркек кишинин жүзү

Элдин алтымыш пайызы дарактардын арасынан эркектин жүзүн аныкташат. Сүрөт ар кандай формаларды бириктиргендиктен, адамдардын алтымыш пайызы биринчи кезекте дарактын арасындагы эркектин жүзүн байкашат.

Сизде жетекчинин сонун ийгиликтери бар. Мүмкүн сиз ири компанияда жетекчи же көпчүлүк досторуңуз менен туугандарыңыз үчүн эргүүнүн булагысыз. Убакытты жакшы өткөрүү үчүн сизде дайыма идея табылат. Сиз салмактуу жана сабырдуу адамсыз, бирок өз максатыңызга жетүү үчүн башка адамдарды көп басып өтөсүз.

Китеп окуп олтурган жаш бала

15 адамдын бешөө дарактын астында китеп окуп олтурган жаш баланы байкашат. Эгер сиз алардын арасында болсоңуз, анда сиз мээримдүү жана чыдамдуу адамсыз. Сиз адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн адамсыз, көбүнчө сиз эки карама-каршы тараптардын ортосуна тынчтык орното аласыз.

Сизди өзүнүн кубанычын айланасындагылар менен бөлүшүүгө куштар болгон оптимист адамдар курчап турат. Сиз өз жакын адамдарыңызды баалайсыз, анткени алар сизди жаңы ийгиликтерди жаратууга түрткү беришет.

Алмалар

Адамдар алманы биринчи кезекте өтө сейрек байкашат. Бул сиздин жашоодогу энегиялык дараметиңиз ар бир адамга таасир калтырышы мүмкүн. Сиз эр мүнөз, кайраттуу адамсыз. Дал ушунуңуз менен  чокуларды багындыра аласыз. Саякат – бул сиздин кумарыңыз, сизге жашоонун жаңы сүйтүмдөрү абдан зарыл.