Кыргызстанда элдин колундагы акчанын көлөмү болуп көрбөгөндөй көбөйдү

13 июня 2019 Кыргызстанда элдин колундагы акчанын көлөмү болуп көрбөгөндөй көбөйдү

Бир ай ичинде жүгүртүүдөгү акча дээрлик 2,6 миллиард сомго өстү.

1-июнга карата элдин колундагы каражат 95,2 миллиард сомдон ашканын Улуттук банктан кабарлашты.

Жүгүртүүдөгү акча — бул насыялык уюмдардын кассаларында калган каражатты эске алуу менен эсептелген элдин каражаты. Кеп улуттук валюта туурасында гана болуп жатат.

Улуттук банктын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, бул — финансылык регулятордун маалыматтары жарыялана баштаган 2007-жылдан берки рекорддук көрсөткүч. Май айында жүгүртүүдөгү акча дээрлик 2,6 миллиард сомго өскөн.

Буга чейинки рекорд 93,5 миллиардан бир аз ашыгыраак суммасы менен быйылкы жылдын 1-январында байкалган.

Бирок мындай көрүнүштүн күнгөйү менен тескейи боло турганын айткан экономисттер өтө көп болуп кеткен өсүш инфляцияга алып келе турганын эскертти

 https://sputnik.kg/economy/20190613/1044671397/uluttuk-bank-eldin-kolundagy-akcha-rekordduk-kolom.html