Ондогон кыздын ичинен "Футбол сулуусу" аныкталды.

13 июня 2019 Ондогон кыздын ичинен "Футбол сулуусу" аныкталды.

Жалпысынан он кыз катышса, финалда үчөө ат салышты.

"Футбол сулуусу - 2019" сынагынын жеңүүчүсү Гаухар Мурзалиева болгондугун КРдин Футбол федерациясынын кабарлашты.

Конкурс кечээ аяктады.

Жеңүүчүлөр добуш берүүнүн жыйынтыгы менен аныкталды. Ал аталган федерациянын социалдык тармагында уюштурулган.

Эми Мурзалиева КРдин Футбол федерациясынын атынан эл аралык иш-чараларга катышып, сүрөттөргө жана видеолорго тартылмакчы.

Жалпысынан он кыз катышса, финалда үчөө ат салышты.

Федерациядан жеңүүчү туурасында толук маалымат жакында боло турчу сыйлоо учурунда берилерин айтышты.

https://sputnik.kg/sport/20190613/1044671711/kyrgyzstan-miss-futbol.html