Борбордо 300дөй көркөм гимнаст катышкан мелдеш өтөт

13 июня 2019 Борбордо 300дөй көркөм гимнаст катышкан мелдеш өтөт

Мелдеш 15-16-июнь күндөрү борбордогу мектеп-гимназиялардын биринде болмокчу.

Бишкекте көркөм гимнастика боюнча I BIGSER CUP аталышындагы ачык турнир өтөт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине аталган федерациядан кабарлашты.

Мелдеш 15-16-июнь күндөрү борбордогу мектеп-гимназиялардын биринде болмокчу.

"Турнирге Кыргызстандын жана Казакстандын облустарынан келген 300дөй спортчу катышат. Алардын курагы 4 жаштан 16 жашка чейин", — деп айтылат маалыматта.

Мелдештин максаты — өлкөдө көркөм гимнастиканы өнүктүрүү жана жайылтуу, спорттук чеберчиликти жогорулатуу, мыкты гимнасттарды тандап алуу жана эл аралык мамилелерди чыңдоо экендиги белгиленген.


 https://sputnik.kg/sport/20190613/1044666884/bishkekte-gimnastika-meldeshi-otot.html