Алматыда полиция 200дөн ашуун кишини кармап кетти

13 июня 2019 Алматыда полиция 200дөн ашуун кишини кармап кетти

12-июнда Казакстандын Алматы шаарында полиция 200дөн ашуун кишини кармап кетти.

Тартип сакчылары алар тургундарды уруксат берилбеген митингдерге чыгууга үндөгөнү үчүн кармалышканын билдирүүдө.

“Азаттыктын” казак кызматы кабарлагандай, Нур-Султан шаарынын көчөлөрүнөн дагы көптөгөн полиция кызматкерлерин көрүүгө болот. Шаардын чок ортосу курчоого алынган, ал жерде эки эвакуатор бир нече кичиавтобус токтоп турат.

Шымкентте дагы Аль-Фараби аянтынын аймагы курчоого алынган.

9-10-июнда аталган үч шаарда Казакстандын президентин шайлоого байкот жарыялаган каршылык акциялары өткөн.

“Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылынын башчысы Мухтар Аблязов 12-июнда казакстандыктарды митингге чыгууга үндөгөн.

https://www.centralasian.org/a/29996600.html