Кыргызстан быйыл Кытайга кокон гилас, коон жана ун экспорттоону пландап жатат

13 июня 2019 Кыргызстан быйыл Кытайга кокон гилас, коон жана ун экспорттоону пландап жатат

Кытайлык ишкерлер Кыргызстандын айыл чарба азык-түлүктөрүнүн табигый жактан сапаттуулугуна кызыгууда.

Кытай ишкерлери Кыргызстанга агропарктарды курууга кызыкдар. Бул туурасында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы мжанаелиорация министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, министр Эркинбек Чодуев кечээ, 12-июнда, "Хара Кытай эл аралык" компаниясынын өкүлү Гао Цзюнь менен жолуккан. Анын алкагында Кыргызстандан Кытайга азык-түлүктөрдү экспорттоо, импорттоо жана узак убакытка сактоочу чоң көлөмдөгү муздаткыч, кайра иштетүүчү ишканаларды куруу тууралуу талкууланган.

"Быйыл Кытайга кокон гилас, коон жана ун сатууга келишим түзүп жатабыз. Мындан ары мөмө-жемиштерден өрүк, жүзүм жана төө буурчак, ошондой эле кургатылган сүттү экспорттоо пландалууда", — деп айткан Чодуев.

Кытай тарап Кыргызстандын айыл чарба продукцияларынын табигый жактан тазалыгына кызыгууда. Алдыда алма, кара өрүк, жүгөрү, кумшекер жана башка азык түлүктөрдү да сатуу пландалып жатканы белгиленди.


https://sputnik.kg/economy/20190613/1044667628/kyrgyzstan-kytay-ayyl-charba-eksport.html