Күйөө издеген сулууларга: дүйнөдө кайсы өлкөлөрдө эркектер көп?

13 июня 2019 Күйөө издеген сулууларга: дүйнөдө кайсы өлкөлөрдө эркектер көп?

Дүйнө боюнча көптөгөн өлкөдө кыздар менен жигиттердин саны тең болуп, бири-бири менен шайкеш келе бербейт. Жигиттердин саны кыздардан кыйла басымдуулукка ээ өлкөлөрдүн тизмесин  сунуштайбыз.

Греция

Бул туристтик өлкөдө жашап кетүү арзан, ары аба ырайы абдан ылайыктуу. Буга байланыштуу өлкөгө келүүчүлөрдүн саны көбөйгөнү менен, андагы аялдардын саны эркектерден ашкан эмес.

Италия

Бул өлкөдө аялдар кесиптик мансапка көбүрөөк убакыт бөлүшүп, башка өлкөлөргө көчө башташкан. Ага ылайык, андагы мырзалардын саны артып, аялзаты азайып кеткен.

Бириккен Араб Эмираты 

9 миллион калкы бар өлкөдө 2016-жылкы эсеп боюнча, 100 аялга 247 эркек  туура келет.

Кытай

Бул өлкөдө эркектердин саны аялдардан 40 миллионго көп. Буга карабай, өлкөдөгү бир нече айылдарда жаңы туулган наристе кыз болсо, аны көчөдө кароосуз таштап кетишет. Башчылык бул маселе менен күрөшүү үчүн таштанды балдарга арналган борборлорду ачкан. Бирок, ага көбүнчө ар кандай кемтиги бар балдар келип түшүшөт.

Нигерия

Укук бирдей сакталбайт. Анда балдарды үйлөндүрүү, көп аял алуу, кыздарды сүннөттөө сыяктуу көйгөйлөр дагы деле токтой элек. Мунун таасиринен өлкөдө кыздардын саны өтө азайып кеткен.

Индия

Бул өлкөдө кызга караганда уул төрөгөндү көбүрөөк каалашат. Ошондой эле, аялдарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулук да жогору. Ошол себептүү, Индияда эркектердин саны аялдарга караганда 37 миллионго басымдуу.