Африкалык Кардашьян: Кыз чоңдугу 1,5 метр болгон жамбашын көрсөтүп мактанды

13 июня 2019 Африкалык Кардашьян: Кыз чоңдугу 1,5 метр болгон жамбашын көрсөтүп мактанды

Абиджандан чыккан Эудокси Яо аттуу моделдин жамбашын жада калса Ким Кардашьяндын өзү кыялданат. Ал бир жарым метр болгон жамбашын табияттын берген белеги экенин айтып, эч кандай пластикалык операция жасалбаганын билдирди.

Жамбашынын чоңдугуна мактанган модель канча жашта экенин жашырууда. Ал өзү кумир туткан Ким Кардашьян сыяктуу операция жасатпаганын айтат.

“Мен эч качан пластикалык хирургиядан өткөн жокмун. Өмүрүмдө эч кандай операция жасата элекмин. Менин жамбашым табиятынан ушундай”, - дейт Эудокси Яо.

Кыз көчөгө чыккан сайын элдин көңүлүн өзүнө бурат. Ал өзүн көргөн адамдар аны менен сүрөткө түшүүнү кыялданышат, деп ойлойт. Модель өзүнүн сүрөтүн ультрасексуалдуу деп эсептейт.

Бир кызыгы, “африкалык Кардашьян” өзүнүн кийиминин өлчөмүн билбейт экен. Жамбашынан чоңдугун көрсөтүүнү жактырган модель, денесине жабышып турган кийимдерди кийгенди жакшы көрөт. Эгер ал сатып алган кийим ага өтө жөнөкөй болуп көрүнсө, аны өзү каалагандай кесип, тигип алат.

“Адатта, дене мүчөсү меникиндей адамдар өтө кенен кийимдерди кийишет. Ал эми мен тескерисинче, келбеттүүлүгүмдү баарына көрсөткүм келет. Ошон үчүн, денеме жабышып турган кийимдерди кийгенди жакшы көрөм”, - дейт модель.