Бөйрөк оорусунун негизги белгилери

13 июня 2019 Бөйрөк оорусунун негизги белгилери

Бөйрөк – адам организминдеги эң маанилүү органдардын бири. Айрыкча аялдар үчүн маанилүүлүгү өтө зор. Себеби аялзаты адамдын ден соолугу, сулуулугу менен сымбаттуулугунун негизги кепили. Ошондуктан, бөйрөктүн иштөөсүнүн начарлашы, анын алсыздыгы аялдаржын организминдеги түрдүү оорулардын кабар берет. Буга байланыштуу оорунун алдын алууга мүмкүнчүлүк да жаралат. Назарыңыздарга оорунун алты белгисин сунуштайбыз.


1. Бөйрөк алсыздыгынан бет, кол-бут, көздүн айланасы шишип кетет. Бөйрөк организмдеги сууну жөнгө салгандыктан, анын жумушу бузулса, кан айлануу начарлайт. Муну жөнгө салуунун оңой жолу уктар алдында сууну аз өлчөмдө ичип, белге арналган көнүгүү жасоо керек.

2. Аялдардын бат муздоосунун себеби бөйрөк алсыздыгынан болот. Мындай көрүнүштү жеңүү үчүн тамактануу рационун көзөмөлдөп, кой эти, уй эти, ачуу калемпир, пияз, имбирь сыяктуу азыктарды көбүрөөк пайдаланыңыз.

3. Бөйрөктүн алсыздыгы аялдын жыныстык катнашка болгон кызыгуусун төмөндөтүп, себепсиз ачуулантат, климакстын абдан эрте башталуусуна таасир этет. Мындан тышкары, мындай адамдар тез картаят. Ал эми мунун алдын алуу үчүн түрдүү дарылануу чараларын көрүп, жеңил машыгуу түрлөрүн жасаган туура.

4. Баштын оорушу, уйкунун бузулуусу, мээнин чарчоосу, ойдун дайыма бөлүнүп кетиши да бөйрөк алсыздыгынан болот. Организмдеги мындай өзгөрүүлөрдү жеңүү үчүн каздын этин, козу карын, жүзүмдү дайыма пайдалануу керек.

5. Бөйрөктүн алсыздыгынан аялдардын ички секреция системасы алсырап, бөйрөк үстүндөгү безден адреналин бөлүнүү азайып, денедеги зат алмашуу процесси бузулат. Ал ашыкча майдын чогулуусуна себеп болот. Ага каршы туруу үчүн алаканды бири-бирине ышкап, жылуу учурунда бөйрөккө басуу керек. Муну күнүнө бир нече жолу кайталоо керек. Ошондой эле каз, коён, балык эти сыяктуу азыктарды көп колдонгонуңуз туура.

6. Бөйрөктүн алсыздыгынан кан басымы көтөрүлөт. Мындай белгилер байкалышы менен дароо оорунун алдын алып, дарыгерге кайрылып, дарылануу чарасын көрбөсө, бөйрөк иштен чыгып, өмүргө коркунуч жаратышы мүмкүн. Өз ден соолугуңуз – өз колуңузда.