Мырзалар үчүн кантип оригиналдуу белек тандоо керек.

5 ноября 2018

Белек тандоо жыл сайын кыйынчылыкты жаратат. Эгер сиз жакшы билген адамга сюрприз даярдайын деп жатсаңыз, тапшырма ого бетер оор болушу мүмкүн. Мисалы, 23-февраль же ыйык Валентин күнүнө карата күйөөңүзгө, атаңызга же жигитиңизге кооз белекти издеп жүрөсүз. Парфюм, кырынуу үчүн көбүк же байпак сыяктуу стандаттуу белектер негатив менен көңүл коштукту жаратышы мүмкүн.Көптөгөн белектер үйдүн ар жеринде калып унутулат, кеңсе столунда же шкафта тура берет же таратып жибергендер аз эмес. Мындай болбошу үчүн эмне кылуу керек? Маарекеге, майрамга же жөн гана туулган күнгө күйөөсүнө, атасына же уулуна эмне белек берүү керек? Ал үчүн үй буюмдарын саткан интернет-магазиндин каталогунан оригиналдуу белектерди бир карап көрсөңүз болот.

Бул жерде көп кызыктуу варианттар бар.Сиз бир убакта башкалар эмне берерин, бүгүнкү күндүн тренди эмне экенин, кандай белек мырзаларды кубандырарын билип алыңыз.Мисалы? Виски (күчтүү англис арагы) үчүн таштардын топтомун алыңыз. Бул белгилүү ичимдиктин даамын өзгөчө кылуу үчүн жасалган популярдуу белек.Көлөмү жана түзүлүшү боюнча алар муз бөлүкчөлөрүн элестетет. Бирок, вискини суюлтпайт.Ичимдиктин идеалдуу температурасына жетүү үчүн бир нече ташты стаканга салуу жетиштүү болот.Мындай белекке ар бир эле бойго жеткен эркек кубанат.

Башка варианты керекби? Бул саат үчүн органайзер болушу мүмкүн. Эгер белек ээси бул аксессуарды смартфондон да артык көрсө, анда ойлонбой тартуулай берсеңиз болот.Же кур (пояс) илгич. Бул бизнес жаатындагы адамдарга абдан керек.Баалуу буюмдарды жана каалаган документин салууга болгон китеп түрүндөгү сейф, футболка салгыч (ооба, ушундай дагы аксессуар бар) же шарапка арналган аэратор белек кылыңыз. Мунун баары колдонуучуга ыңгайлуу интерфейстер менен камсыздалат.