Жанарбек Акаев: Мурдагы президенттер камалгандан коркпошу керек

12 июня 2019 Жанарбек Акаев: Мурдагы президенттер камалгандан коркпошу керек

Мамлекетти башкарган адам бийликтен кеткенден кийин камалуудан коркпошу керек. Мындай пикирин бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып депутат Жанарбек Акаев билдирди:

- Бир ай мурун Түштүк Кореяга барып келдим. Экс-президенттердин жарымы түрмөдө отурат. Президенттер, саясатчылар, Кудай сактасын, бирок камалгандан коркпош керек. Ар бир президент камалган сайын кийинки президент "мен туура жүрүшүм керек экен, кымындай ката кетирбей, кынтыксыз иштешим керек экен" деп ойлонуп калат.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Канатбек Исаев, Талант Мамытов жана Иса Өмүркулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине кескин сын айтып, анын аракеттерине баа бериш керек деген демилге көтөрүп чыгышты.

Атамбаев тараптан азырынча комментарий боло элек. 

https://www.azattyk.org/a/29994737.html