ШКУ саммитине байланыштуу жабыла турган көчөлөр. Карта

12 июня 2019 ШКУ саммитине байланыштуу жабыла турган көчөлөр. Карта

Айдоочулар көрсөтүлгөн жолдорго унааларын токтотпоого тийиш.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөр башчыларынын саммитине байланыштуу Бишкек менен Чүй облусундагы айрым көчөлөргө чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынан кабарлашты.

12-июндан 14-июнга чейин делегация төмөнкү көчөлөр менен бара жатканда кыймылга чектөө киргизилет:

"Манас" аэропортунан Фучик көчөсү менен Жибек Жолу проспектисине чейин;

Жибек Жолу проспектисинен Жаш Гвардия бульварына чейин;

Жаш Гвардия проспектисинен Чүй проспектисине чейин;

Чүй проспектисинен Манас проспектисине чейин;

Манас/Айтматов проспектилери менен "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейин.

ЖКККББ айдоочуларды түшүнүү менен мамиле жасап, жолдо жүрүү маданиятын сактоого чакырат

 https://sputnik.kg/society/20190612/1044663192/shku-zhabyla-turgan-kocholor.html