Мусаев: Салянова камакта басым болушу - чындыкка жакын

12 июня 2019 Мусаев: Салянова камакта басым болушу - чындыкка жакын

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өздүк коопсуздук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Ишенбек Мусаев камакта отурган экс баш прокурор Аида Саляновага кылмышкерлер аркылуу басым болушу толук мүмкүн деп эсептейт.

Мындай пикирин айтып, саясатчыларга байланыштуу иштерде ушундай тажрыйба мурдатан болуп келгенин билдирди. Басым жасоого буйрукту бийлик берерин белгилеген Мусаев буга конкреттүү мисалдарды айткан жок.

Ал Аида Салянова адвокаты аркылуу абактын жетекчилигине арыз жазышы керектигин, ошондо гана коопсуздугу көзөмөлгө алынарын кошумчалады.

Буга чейин «Ата Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов Саляновага кылмышкерлер аркылуу психологиялык басым жасалып, органда иштеген кызматкерлер андан тийиштүү көрсөтмө алууга аракет кылып жатканын билдирген. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы муну четке каккан.

https://www.azattyk.org/a/29994588.html