Бишкекке келген Монголиянын президентин кызыл гүл менен тосуп алышты.

12 июня 2019 Бишкекке келген Монголиянын президентин кызыл гүл менен тосуп алышты.

Монголиянын лидери өлкөнүн биринчи адамдары менен жолугуп, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барат.

Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга бүгүн, 12-июнда, расмий сапары менен Кыргызстанга келди. Аны "Манас" аба майданынан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.

Монголиянын президенти Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Ошондой эле расмий сапарынын алкагында Халтмаагийн Баттулга Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат. Анын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугары күтүлүүдө. Баттулга Монголиянын Кыргызстандагы элчилигинин ачылышына катышат.Андан соң ал расмий сапарынын алкагында "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине бармакчы.
https://sputnik.kg/society/20190612/1044660628/mongoliyanyn-prezidentin-bishkekke-keldi.html