Сулайманов: Атамбаев экс-президент статусун көтөрө албай жатат

12 июня 2019 Сулайманов: Атамбаев экс-президент статусун көтөрө албай жатат

Жогорку Кеңештин депутаты, "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу Атамбаев экс-президент статусун көтөрө албай жатканын жазды.

- Эки жүздүү Атамбаев экс-президент статусун көтөрө албай жатат.
Экс-президент Алмаз Атамбаевдин 8-июнда сүйлөгөн сөзүн уктум. Ал кишинин өлкөдөгү коррупция, терс мааниде сүйлөгөнгө моралдык укугу жок. Алмаз Атамбаев сот системасына, укук коргоо органдарынын иштегенине нааразы болсо, өлкөдөгү кемчиликтерди белгилеп жатса, анда алты жыл өлкөнү башкарган киши катары күнөөнү бирөөгө оодарбай, суроону өзүнө берсин. Эгер Алмазбек Атамбаев өзүнүн башкарып турганда кылган кемчиликтерин унутуп калган болсо, эл ал нерселерди унуткан жок. Экс-президент кетирген катачылыгымды оңдойм десе, саясатка аралашпай тынч отурсун. Башка бир мусулманды мунафык, каапыр деп атаганы, ал кишинин экс-президент деген статусту көтөрө албай жатканынан кабар берет. Ушундай кырдаалда Сооронбай Шариповичтин сабырына дагы бир жолу баа бердим. Өлкө башчыбыздын коррупция менен күрөшүнө баарыбыз колубуздан келишинче жардам беришибиз керек!", - деди Сулайманов.

8-июнда экс-президент Атамбаев катышкан Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) митингинде бийликке карата беш талапты ичине камтыган резолюция кабыл алынган. Анда Алмазбек Атамбаев «саясий куугунтук токтобосо, президент Сооронбай Жээнбековду бийликтен кетүүгө чакырык таштай турганын» ачык жарыялаган.

Президенттин аппараты Атамбаевдин билдирүүсү боюнча азырынча комментарий бере элек. Ал эми саясат талдоочулар Атамбаев өзү бийликте тургандагы Ош бажысындагы иштерди Сооронбай Жээнбековго оодарып, бул боюнча атайын кызматтар кезинде ага маалымат бербегенин айтып, жоопкерчиликти өзүнөн алып салууга далалат кылган саясий жүрүштү колдонгонун байкашкан.

https://www.azattyk.org/a/29994576.html