Күйөөңүзгө айтууга болбой турган сөздөр

12 июня 2019 Күйөөңүзгө айтууга болбой турган сөздөр

Бардык кыз-келиндердин ар бир адамдын нервине тие турган тажатма сөздөрү бар. Назик аялзаты муну билсе да, айтуудан тажабайт. Аягында бул сөздөр уруш-талашка алып келет.


Кээде күйөөңүз сиздин акылыңызга кулак какпай, кандайдыр бир ишти колго алып, анысы ийгиликсиз, муну бетине баса бербеңиз. Аны күнөөлөп, “мен сага айттым го” деген сөздү жүз жолу кайталоонун кажети жок. Анын ордуна ошол катачылыктардын экинчи ирет кайталообосуна көңүл буруңуз.

“Баланын оюну, кызыкпаган нерсеге кызыгасын”. Дароо токтой калыңыз. Улуу эркек мультфильм көрүп олтурса күнөөсү жок. Себеби, ал сиздин акылга сыйбаган кызыкчылыктарыңызды көрүп сөкпөйт го.

“Биз сүйлөшүп алышыбыз керек”. Бул сөздөр көбүнчө сөзүнө бек турган адамды чочутат.  Анын үстүнө, сиз жаман нерсе айтпасаңыз да, күйөөңүз күн мурун жаман ойлорду ойлой баштайт.

Аңкоо болбоңуз. Күйөөңүз апрель айында сиздер таанышкан күндү же  июндагы сиздин энеңиздин туулган күнүн эсине сактап жүрүшү мүмкүн эмес. Анын бул күндөрдү унутуп калышы сизге деген муздактыкты билдирбейт.

“Жок, баары жакса”. Бул  сөздөр бардык эркектердин ачуусуна тиет. Андан кийин “Сенде баары жакшы болсо, эмнеге маанайың жок?” деген суроону алар милдеттүү түрдө беришет. Ошондуктан, анын нервине тийбей, болгон окуяны дароо айтыңыз. Эркектерге “ичимдегини тап” деген принцип жарабайт.

Эң соңку сөз “Мен билбейм” деген сөзүңүз. “Кайда барабыз? Кантип жасайбыз? Эмне каалайсың? Деген суроолорун жоопсуз калтырбаңыз. Бул сиз жактан шаалаакылык болуп табылат.