Мурун ушунчалык сүйкүмдүү эле. Жаш кыз куурчакка окшошуу үчүн бир жылда 15 операция жасатты

12 июня 2019 Мурун ушунчалык сүйкүмдүү эле. Жаш кыз куурчакка окшошуу үчүн бир жылда 15 операция жасатты

Болгарияда 21 жаштагы студент Андреа Иванова Барби куурчагына окшошуу үчүн бир жылда 15 операция жасаткан.

Андреа пластикалык операцияны өткөн жылы жасата баштаган. Кеминде айына беш жолу операция жасаткан. Жаш кызга эрини кичирейип бара жаткандай көрүнгөн сайын дарыгерлер ага гиалурон кычкылын сайышкан. Мындан тышкары, ал төшүн чоңойтуу боюнча операция жасаткан.

Студент кыздын сөзү боюнча, ал кичине кезинен бери Барби куурчагына окшошууну кыялданган. Бирок, тармак колдонуучулары кыздын түрү суук экенин жазып чыгышкан.

Андреа өзүнүн сырткы келбетине ыраазы. Ал адамдар өзү каалагандай көрүнүүгө укуктуу бар дейт.