Жаңы жылды агасы менен чогуу тоскусу келген жаран аны көрүстөндөн казып алды

5 ноября 2018

Колумбияда жаңы жыл алдында адам ишенгис окуя орун алды. Кевин Ривер майрамды агасы менен чогуу тоскусу келгендиктен, аны көрүстөндөн казып алган, деп кабарлайт life.ru.

Жигит үйүнө үстү башы жыртылып, ылай болуп келгенде аны туугандары бир окуянын болгонун сезишет. Ошондон кийин Кевин кайда болгонун айтып берген.

Ал таң аткандан баштап агасынын көрүн казып жүргөн, себеби жаңы жылды эки жыл мурун көмүлгөн бир тууганы менен тоскусу келген эле. Чочуп кеткен туугандары дароо көрүстөндүн башына барып текшерип көрүшөт.

“Ал агасын аябай жакшы көрчү. Ошондуктан, майрамда аны менен бирге болууну каалаптыр”, - дейт Кевиндин агасы Фредди Рангел.

Ал эми маркумдун энеси көрүстөндүн күзөтчүлөрүнө ачууланган. Бала бейитти казып жатканда күзөтчүлөр эмнеге тийиштүү чара колдонушпаганын айтат.

Кевин Ривер ушул окуядан кийин абдан ачуулуу, өзүн башкара албай турган абалга жеткен. Ошондуктан, туугандары өз өмүрлөрүнө тынчсызданып, Кевинди психиатриялык ооруканага жаткырышкан.

Окумуштуулар жаш көрүнүүнүн сырын айтышты

АКШнын Иллинойс штатындагы Түштүк-Батыш университетинин окумуштуулары бетке күй сайын жарым сааттык массаж жасоо бырыштардын пайда болуусуна тоскоол болуп, жаш көрүнүүгө өбөлгө түзөт, деп кабарлайт life.ru.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, беттин булчуң эттерине массаж жасоо кымбат турган лифтинг кремдерди колдонбоого мүмкүндүк берет.

Атайын көнүгүүнүн курсу 20 жумага эсептелген. Күн сайын жарым саат бою беттин булчуң этин кыймылга келтирүү үчүн ар бирине 1 мүнөт убакыт сарптоо жетиштүү.

Чынында ар бир көнүгүү –бул белгилүү бир эмоциянын көрүнүшү болуп саналат.

Бетке арналган көнүгүүлөрдүн курсу аякталгандан кийин дарыгер-дермотологдор изилдөөгө катышкан адамдардын бет териси кем дегенде 50 пайызга ийкемдүү ары серпилгич болорун аныкташкан.