Абайлагыла! Жаңы смартфондордо акча уурдаган вирус пайда болду

11 июня 2019 Абайлагыла! Жаңы смартфондордо акча уурдаган вирус пайда болду

Android системасында иштеген смартфондорго хакерлер алар сатылганга чейин эле акчаны уурдап алчу вирустарды орнотуп коюшу ыктымал. Бул тууралуу Google компаниясынын адистери билдирди.

Кеп Triada вирусу тууралуу болуп жатат.

"Смартфон өндүргөн компаниялар программалык камсыздоо үчүн ар кайсы ишканаларга кайрылат. Алардын арасында программаны орнотуп жатканда эле вирусту чогуу кошуп койгондор болууда", — дешти адистер.

Бирок сөз кайсы үлгүдөгү смартфондор тууралуу жүрүп жатканы ачык айтылган жок.

Triada вирустары — мобилдик капчыктагы акчаны чыгарып кетүүгө багытталган. Эл аралык банктардын, онлайн-дүкөндөрдүн жана PayPal, Western Union, eBay, Walmart, Skype, WhatsApp тиркемелерин колдонгон адамдар анын курмандыгы болуп калышы толук ыктымал.


 https://sputnik.kg/world/20190611/1044644910/google-smartfon-virus.html