Бишкек шаардык кеңеши 240 миң сомго фотоаппарат сатып алат

11 июня 2019 Бишкек шаардык кеңеши 240 миң сомго фотоаппарат сатып алат

Бишкек шаардык кеңеши 240 миң сомго фотоаппарат сатып алууга тендер жарыялады. Жарнама Мамлекеттик сатып алуу порталына жайгаштырылган.

Шаардык кеңештин басма сөз кызматы муну сайттагы сүрөттөрдүн сапаты начар болуп, ал эми азыркы колдонулуп жүргөн фотоаппараттын эскилиги жеткени менен түшүндүргөн.

Шаардык кеңештин басма сөз кызматы жаңы сапаттуу фотоаппарат сатып алууну журналисттер өздөрү сунуш кылышканын билдирди.

Бул Бишкек шаардык кеңештин фотоаппарат сатып алууга болгон үчүнчү аракети.

https://www.azattyk.org/a/29992559.html