Гинекологиялык ооруларга туш кылган 4 фактор

11 июня 2019 Гинекологиялык ооруларга туш кылган 4 фактор

Биринчи маселе 20-45 жаш аралыгындагы аялдардын жыныс органында быштак сыяктуу суюктук болот, медицина тили менен айтканда кын кандидозу (же молочница). Чындыгында, көпчүлүгүбүз мындай жагымсыз учурдун эмнеден пайда болоруна маани бербейбиз. Бирок, адистер мунун бир нече себебин айтышты. Анын биринчиси, анда-санда ичип жүргөн сыра (пиво) болсо, экинчиси ар кандай таттуу десерттер башкача айтканда, курамына дрожь кошулган суусундуктар менен азыктар.

Экинчиден, гинекологдор ички органыбызды инфекциядан сактоону эскертишет. Ал үчүн депиляция жасаганда, айрыкча, устара пайдаланганда жана даарат кагазын колдонгондо бөтөнчө этият болууга кеңеш беришет. Демек, устараны бир жолу гана колдонуу керек жана хлор жана боёгу бар даарат кагаздарын эмес, экологиялык таза кагаздарды керектөө керектигин баса белгилешет.

Үчүнчүдөн, бийик такалуу бут кийимдер менен денеге жабышкан джинсы шымдар назик аялзатынын жамбаш сөөгүн кыйшайтып, бала төрөөгө кедергисин тийгизерин ак халатчандар айтышты. Ошондуктан, күндө кийилүүчү бут кийимиңиздин такасы 4-5 сантиметрден ашпаш керек жана тар шымдарды кийбөөгө аракет кылыңыз.

Төртүнчүдөн, дарыгерлер генекологиялык кооптуу дартка чалдыгуунун алдын алуу үчүн уктоочу бөлмөңүзгө да көңүл буруу керек дешет. Алардын айтымында, уктоочу төшөгүңүз менен андагы матраска кылдат болушуңуз керек. Башкача айтканда, матрастардын кыз-келиндердин арка жана бел омурткасына, жатынына таасири зор.

Жогорудагы дарыгерлердин ушундай мааниси терең кеңештерине кулак түрсөк, эне болуу бактысына кыйынчылыксыз жетерибиз анык, курбулар!