Чач катырууга арналган лак менен эмне кылууга болот?

11 июня 2019 Чач катырууга арналган лак менен эмне кылууга болот?

Эгер косметика салган кутучаңызда чач катырууга арналган лак болсо, ал бекер жатпасын. Керегиңизге жаратыңыз! Жөнөкөй чач катыруучу каражат – айымдардын табылгыс жардамчысы.

1. Капрон колготкиге лак сээп койсоңуз, анын сөгүлүп кетүүсүнүн алдын аласыз.

2. Тырмагыңызга жаккан лактын үсүтүнөн чач катыргычты  сепсеңиз, боёк тезирээк кургайт.

3. Лакты пардага чачсаңыз, аны чаңдан коргойт.

4. Белдемчинин ичине лак чачып койсоңуз, ал электрлешип, бутка жабышпай турган болот.

5. Чачка таккан ичке шпилькалар сыйгаланып, ордунан жылып кетпеши үчүн ага да лак чачып коюңуз.

6. Белек ороого арналган кагазга лак сээп, аны жылтыратып коюуга болот.

7. Түстүү карандаш менен тартылган сүрөттүн бетине лак сээп, анын “өмүрүн” узартууга болот. Ушундайча анын боёгу өчпөй, көпкө сакталат.

8. Эгер жиптин учуна лак чачып алсаңыз, ийненин көзүнөн оңой өткөрөсүз.

9. Гүлдөрдү кургаткыңыз келсе, ага биринчи лак чачып коюңуз. Ошондо ал каныккан түсүн сактап калат.

10. Кездемедеги сыяны, калем изин чачка арналган лак менен тазалоого болот.