Токаев президенттик шайлоодо 70, 13 пайыз менен жеңди. Exit poll жыйынтыгы

10 июня 2019 Токаев президенттик шайлоодо 70, 13 пайыз менен жеңди. Exit poll жыйынтыгы

Эки уюм талапкерлер тууралуу сурамжылоо жүргүзүү укугун алган.

Казакстандагы президенттик шайлоодо Касым-Жоомарт Токаев жалпы шайлоочулардын 70,13 пайызынын добушун алып, жеңүүчү болду. Бул туурасында "Коомдук пикир" институту" жүргүзгөн exit-poll жыйынтыгында айтылганын Sputnik Казакстан жазды.
Сурамжылоо 325 тилкени камтыган: Нур-Султан, Алматы жана Шымкенттеги 97 облус борборлору, 94 чакан шаар, 134 айыл округдарынан 13 200 респондент камтылган. Анын жаңылыштыгы 3 пайыздан ашпай тураганы айтылды.

Респонденттерден кайсы талапкерге добуш бергени сурашкан.

"Коомдук пикир" институтунун сурамжылоо жыйынтыгы:

Токаев Касым-Жомарт Кемелевич — 70,13 пайыз;

Косанов Амиржан Сагидрахманович — 15,39 пайыз;

Еспаева Дания Мадиевна — 5,32 пайыз;

Ахметбеков Жамбыл Аужанович — 3,86 пайыз;

Таспихов Амангелди Сатыбалдиевич — 1,41 пайыз;

Рахимбеков Толеутай Сатаевич — 3,03 пайыз;

Тугел Садыбек — 0,86 пайыз.

Exit Poll ким тарабынан жүргүзүлөт?

2019-жылы Казакстан президентинин талапкерлери туурасында сурамжылоо укугун эки уюм алган. Алар "Қоғамдық пікір" институты" жана "Жаштар" борборунун илим-изилдөө институту эле.

"Жаштардын" маалыматына караганда Токаев 69,94 пайыз добуш алган. Анын артынан 14,96 пайыз менен Амиржан Косанов, кийинки болуп бирден-бир аял талапкер Дания Еспаева (3,6 пайыз) келе жаткан.

Казакстандагы президенттик шайлоо ошентип, 9-июнда өттү. Ага шайлоочулардын 77,4 пайызы катышканы айтылды. Казакстандын борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды бюллетень таштоо соңуна чыккандан 12 сааттан кем эмес мезгилде санап бүтөт. Алдын ала жыйынтык 2019-жылдын 10-11-июнунда чыкмакчы.

Эске салсак, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев ушул тында ээлеген кызматынан кетип, мамлекетти башкаруу укугу парламент сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаевге өткөрүлгөн.

Көп өтпөй Токаев шайлоо мөөнөтүнөн мурда болорун айтып, 9-июнга белгилеген. 

Анткен менен бүгүн Казакстандын аймагында президенттик шайлоодон сырткары дагы башка саясий окуялар болду. Тагыраагы, Нур-Султан жана Алматы шаарларында бир топ адамдар нааразылык акцияларына чыккан. Бийлик мыйзамсыз деп аталган митингден бир нече кишилерди кармаган. 

Спутник Кыргызстан