Таиландда жыныс мүчөнү агартуу модага айланды. Эмне үчүн?

5 ноября 2018

Таиландда эркектердин жыныс мүчөсүн агартуу популярдуу болуп жатат жана бул жаңы модага айланган жорук көпчүлүктүн кыжырын келтирүүдө. Өзүнөн өзү суроо туулат: Таиланддын сулуулук индустриясы аша чаап кеткен жокбу?

Терини агартуу Азия өлкөлөрүндө көп берки модага айланган. Ал жактагылар кара-торулукту физикалык эмгек, күндүн нуру астында иштөө менен, жакырчылык менен да байланыштырышат.

Бирок, пенисти агартуу – жаңы нерсе. Бул процедура тууралуу баяндаган видеоролик социалдык тармактарда көп көрүлгөн видеолордун бири болуп калды.

9Таиланддын Салматтыкты сактоо министрлиги тарабынан дароо мындай косметикалык хирургиялык операцияга каршы эскертүү берилген.

Мындай процедураны жасатууну чечкен элге эмне түрткү болуп жатат?

Жакында агартуу процедурасынан өткөн бейтап Тайлык Би-би-си кызматына маек куруп жатып: “Мен ич кийимчен жүргөндө өзүмдү ишенимдүү сезгим келет”, - деп айткан.

30 жаштагы эркек киши операциянын биринчи баскычынан (негизи беш баскычтан турат) эки ай мурда өткөн, ошондон бери өзүнүн жыныс мүчөсүндөгү өзгөрүүлөрдү ачык байкай баштаган.