Окумуштуулар: толук кызга үйлөнгөн эркектер 10 эсе бактылуу

9 июня 2019 Окумуштуулар: толук кызга үйлөнгөн эркектер 10 эсе бактылуу

Мексика Улуттук автономдук университетинин психология департаментинин изилдөөчүлөрү толук кызга үйлөнгөн жигиттердин бактылуу болорун аныкташты. 

Доктор Эдгердо Моралес менен доктор Филемон Альварадо толмоч келген сулууларга үйлөнгөн мырзалар кемчиликсиз дене мүчөгө ээ кыздарга үйлөнгөн жигиттерге караганда он эсе бактылуу болорун аныкташты.

Алар бул жыйынтыкка далил катары төмөнкү учурларды тизмектешти:

1. Толук кыздар спорт залга жазылууга кошумча акча сурап, тынчыңды албайт;

2. Алар диетага олтуруп, фигурасын сактоо үчүн курмандыктарга барышпайт. Ошол себептен, аны менен сүйүктүү кафеңизге барып, тоюп тамактана аласыз;

3. Алардын маанайын жактырган шоколады же пирогун алып берүү аркылуу оңой көтөрүүгө болот;

4. Толук кыздардын мүнөзү тамашага жакын, ары шайыр болушат;

5. Толук кыздар кучактаганга жумшак келет;

6. Алар даамдуу тамактарды көп жасашат;

7. Сиз тамактануу учурунда алар менен эч убакта жалгызсырабайсыз;

8. Алар жасалмалуулуктан алыс жүрүшөт.