Териге зыянын тийгизе турган 5 адат

9 июня 2019 Териге зыянын тийгизе турган 5 адат

Териге кам көрүүнү катуу сактасаңыз да, ал теринин таза болуусуна кепил боло албайт. Себеби, эң жакшы кам көрүүнүн өзүн чийип салуучу бир нече адам бар.

Терини уктаар алдында толук тазалабоо

Уйку да тамактануу менен кам көрүү сыяктуу абдан мааилүү. Түндө клеткалар калыбына келет жана жаңырат. Бирок, ал тери толук тазаланганда гана ошондой болот. Кээде чарчап келгенде макияжды жуубай уктап калышыңыз мүмкүн. Ал эми кир, майлуу тери жана жуулбаган косметика тешиктерди бүтөп, безеткинин пайда болушуна жана теринин кургашына алып келет.

Тамеки тартуу

Никотин териге кандын куюлуусун азайтат, ошондуктан ал кычкылтек менен азыктандыруучу заттарды толуктай албайт. Ал эми тамекинин курамындагы уулуу заттар коллаген менен эластин акзатын (белок) жабыркатып, натыйжада тери серпилгичтигин жоготот. Тамекинин айынан жара жай айыгат: операциядан кийин тамеки тарткан адамдардын ичиндеги тырыгы орточо эсеп менен 7 мм болсо, тамеки чекпеген адамдардын тырыгы 3 мм болот.

Күндөн коргоочу каражатты күнүнө бир жолу гана колдонуу

SPF кремдердин таасири эки сааттан ашпайт, ал эми күн терини мүнөт сайын картайтат. Күндөн коргоочу каражатты аябай колдонуңуз. SPF 30 кремин колдонууга аракет кылыңыз. Аны көчөгө чыккан сайын сүйкөп туруңуз. Эгер макияжды бузуп аламын деп ойлосоңуз, күндөн коргоочу таасири бар тоналдык крем же упа колдонуңуз.

Таттууга кумардык

Изилдөөчүлөрдүн пикиринде, канттын көп болушу терини картайтат. Жаңы жемиштер менен жашылчалар тескерисинче, терини коргойт.

Безеткини туура дарылоо

Безеткини сыгуу аркылуу тырык калтырып же жара жуктуруп алышыңыз мүмкүн.