Кандай жигиттердин жыныс мүчөсү кыска болору белгилүү болду

9 июня 2019 Кандай жигиттердин жыныс мүчөсү кыска болору белгилүү болду

Окумуштуулар түрдүү мамлекеттердеги жүздөгөн изилдөөчүлөрдү бириктирип, ири масштабдагы анализ жүргүзүштү. Натыйжада, ксенофобиянын эркектин жыныс мүчөсүнүн өлчөмүнө түздөн-түз байланышы бар экени  аныкталды деп theins.ru порталы кабарлайт

Окумуштуулар изилдөөнүн жүрүшүндө аныктаган байланыш терс багытта жүрүп турат. Башкача айтканда, шовинизм деңгээли канча жогору болсо, эркектердин жыныс мүчөсү ошончолук кыска болот.

Эл аралык анализ Кинси атындагы жыныстык мамилени изилдөөчү институтта өткөрүлдү. Үч жылга созулган изилдөөнүн жүрүшүндө окумуштуулар 64 мамлекеттеги 347 изилдөөлөрдү бириктирген.

Масштабдуу анализдин натыйжасында окумуштуулар абдан кызыктуу жаңылыкты ачышты. Ксенофобия менен эркектердин жыныс мүчөлөрүнүн өз ара байланышы бар экени илимий жактан далилденди.

Алардын айтымында, жыныс мүчөсүнүн өлчөмүнө бир эле стероддук гормондор гана эмес, ошондой эле окситоцин (ишенимдүүлүк гормону) менен вазопрессин (коркуу гормону) нейропептиддеринин балансы таасир этет.

Мисалы,европалык эркектердин жыныс мүчөсүнүн орточо өлчөмү – 15 см болсо, шовинисттик көз караштагы эркектердики болжол менен 9 смди түзөт.

Эң кыска өлчөмдөгү жыныс мүчө тоталитардуу идеология менен расизмди карманган эркектерде болот. Алардын жыныс мүчөсүнүн узундугу – 8 см. Ал эми мигранттарга катыштуу жаман көз караштагы адамдарда жыныс мүчөсүнүн өлчөмү 10-11 см чамасында болот.

Эң кызыгы – дин жолундагы же тескерисинче диний жолго катышы жок адамдардын жыныс мүчөлөрүнүн айырмачылыгы анча чоң эмес экени белгилүү болду. Ал эми динге баш-оту менен берилип кеткендер менен атеисттердин ортосундагы айырмачылык кадимкидей байкалары маалым болду (аттеисттердин жыныс мүчөсү 17 см).