Бутуңуз кыска болсо, көйгөйүңүздү чечебиз!

9 июня 2019 Бутуңуз кыска болсо, көйгөйүңүздү чечебиз!

Ар бир образды жагымдуу кылуу үчүн кийимди туура тандоо маанилүү. Табит менен тандалган кийимди кийгенде, анын акыркы тренд экени анчалык маанилүү эмес. Бирок, ал үчүн да окуу керек. Бүгүн сиздерге баардык кыздарга шайкеш келген шымдын үлгүлөрүн көрсөтөбүз.

Сигарет-шымдар. Эгер сиздин саныңыз ичке, өзүңүз классикалык үлгүнү жакшы көрсөңүз сигарет шымдар сиз үчүн. Бут кийимиңизде классикалык үлгүдөгү туфли болсо жаап кетет!

Сызыктары бар шым. Жай мезгилине арналган керемет тандоонун бири зыгырдан тигилген шымдар болот. Анын белиңизди белгилеп турган үлгүдө болгону туура.

Жерге тийген шымдар. Бутту узун көрсөтүүчү шымдардын бири. Булар акыркы кезде модадан чыкпай келет.