Кандай эркектерден “качуу” керек?

9 июня 2019 Кандай эркектерден “качуу” керек?

Беш кол тең эмес. Кээ бир эркектер чыныгы мырза деген атка ылайыктуу болсо, башка бирөөлөрүнөн алыс жүрүү абзел. Акыл жоготуп сүйүп, кийин өкүнүп калбоо үчүн, алардын кандай мырза экенин эсиңизде сактаңыз.

1. Жоголуп кете тургандар

Кээ бир жигиттер кокусунан эле бир аз убакытка жок болуп кетип, кайра пайда болуп калат. Анын себебин сурасаң, көп жумуштары чыгып калганы, же башка шаарга иш сапары менен барганы менен түшүндүрөт. Кээде бул “көп жумуштар” көп кайталанып турган учурлар болот. Ал эми акылын жоготуп, ашык болуп калган кыздар буга көз жумуп, көнүп калышат. Акылдуулары болсо, мындай кырдаалды билмейинче, жаны жай албайт. Бул деле туура. Анткени, “шамдагай” жигиттердин бир шаарда бала-чакасы болуп, ал эми сиз алданып жүргөн акмак болушуңуз мүмкүн. Ошондуктан, иштин ак-карасын билип алыңыз, же мындай эркектерден алыс жүрүңүз.

2. Жүрөгү бош эместер

Бир сулууга чындап ашык болуп, бирок андан кандайдыр бир себептерден улам айрылып калган жигиттер башка кызды чын сүйүп калышы күмөн. Сүйүктүүсү башка шаарга, башка өлкөгө, же башка жигит менен кол кармашып кеткен болсо, ал жигиттин аппак махабаты да, ал тургай сүйүү жөндөмдүүлүгү да ошол кыз менен чогуу кетет. Ошондуктан, мындай жигиттер бирөө менен көңүл жараштырган күндө деле, аны дайыма өзү айрылып калган сүйүктүүсү менен салыштырып өтөт. Ал мурунку кыздагы “баалуу” сапаттарды сизден издеп, таба албаса, көңүлүңүздү калтырышы да мүмкүн. Ошондуктан, жүрөгү бош эмес мырзаларга жолобой эле койсоңуз болот.

3. Оройлор

Эркетердеги оройлук – алардын эң жаман сапаттарынын бири. Орой адамдын өзүмчүлдүк “Мени” өтө жогору болот. Мындай адамдар сизди көпчүлүктүн алдында уятка калтырышы толук мүмкүн. Ошондуктан, мындайлардан да алыс болуңуз.

4. Уят-сыйытты билбегендер

Уятсыз адам ыймын-адеп менен адамгерчилик, ар-намыс дегендин эмне экенин билбейт. Мындай адамдар да көпчүлүктүн алдында жагымсыз иш-аракеттери менен, адепсиз сөзү менен сизди жерди каратат. Ал эми андай адамдарды эркек дегенге болобу? Албетте, жок. Анда алар менен коштошуңуз.

5. Ажырашкандар

Албетте, адамдын баары бирдей эмес. Жакшылар да, жамандар да кездешет. Катасын түшүнүп, жаңы жашоо баштагандар бар. Ошентсе да, психологдор ажырашкандарга жолобоо туура экенин айтышат. Анткени, алар “үйрөнгөн адат калабы” демекчи, каалаган убакта мурунку аялына кетип калат. Ошондуктан, муну дагы эске алыңыз.