Дүйнөдөгү эң мыкты диета белгилүү болду

5 ноября 2018

Америкалык жүрөк, өпкө жана кан улуттук институту сегизинчи жолу дүйнөдөгү эң мыкты диетаны аныктады. Бул тууралуу институт сайтында жазылат.

Окумуштуулардын айтымында, DASH диетасы организмди калыбына келтирип, кан басымдын туруктуулугуна жана ичеги карын жолдорунун тазалануусуна жардам берет.

Бул диетанын негизги талаптарынын бири –курамындагы тузу бар азык-түлүктөн мүмкүн болушунча же толугу менен, ошондой эле натрийге бай азыктардан баш тартуу.

Окумуштуулар DASH диетасы 40 диеталык азыктардын ичиндеги мыктысы деген жыйынтыкка келишти. Дарыгерлердин айтымында, бул диета кээ бир учурларда гипертонияга каршы дары-дармектерден баш тартууга да мүмкүндүк берет.

Буга чейин Шотландиядагы Абердин университетинин изилдөөчүлөрү калориясы аз диеталардын адам өмүрүн узартаарын аныкташкан эле. Мындай азыктар толук адамдардын эрте өлүмүнүн коркунучун 18 пайызга төмөндөтөт, дешет окумуштуулар.

 

Биздин дүйнө тууралуу чындыкты тескерисинен оодарып көрсөтүүчү 14 сүрөт

Тулуза шаарынын көчө сүрөтчүсү Dran аз убакыттын ичинде чуулгандуу жана өзүнүн кара юмору менен курч коомдук көйгөйлөргө сын көз карашы менен “француз Бенкси” катары таанымал болуп чыга келди.

Ал бүткүл Франция боюнча сүрөттөрдү, көрүнүштөр менен графиттерди тартып келет. Интернет жана ЖМКларга көз карандылыкты, бийликтин тыйыз мамилерин жана мажбурлоо сыяктуу темаларга кайрылган.

Драндын ою боюнча, кичинекей бала аркылуу жеткирүү ар дайым ачык-айкын жана түшүнүктүү болот.

Бул сүрөттөрдү карап олтуруп, кээ бирөөлөрү күлүшсө, кимдир бирөөлөр макул болушат, дагы бирөөлөр жада калса өздөрүн таанышат. Биз сизди ушундай кадамдарга барууга чакырабыз!

  1. Жашоого жаркын түстөрдү кошуу керек
  2. Дин эмнени жашырат?
  3. Париждин чындыктары
  4. Карылык
  5. Азгыруучу интернет
  6. Жакындык
  7. Мамиледеги эң маанилүү “нерсе”
  8. Заманбап бизнес
  9. Ата-эненин эрки
  10. Дүйнөнү баланын көзү менен караңыз
  11. Куугунтуктоо
  12. Саясатчылар тууралуу чындык