“Балдарды реабилитациялоо борборунун” мурдагы жетекчиси кармалды

7 июня 2019 “Балдарды реабилитациялоо борборунун” мурдагы жетекчиси кармалды

Бишкек шаардык мэриясынын “Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борбору” муниципалдык мекемесинин мурдагы жетекчиси Алексей Петрушевский кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Петрушевский Жазык кодексинин 320-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) 2-бөлүгү менен айыпталууда. Ал УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

6-мартта мэриянын Социалдык өнүгүү башкармалыгынын чечими менен Алексей Петрушевский жогоруда аталган кызматынан бошотулган.

Андан мурдараак мэрияда атайын түзүлгөн комиссия борбордо тарбиялангандардын саны аз экенин белгилеп, аларга бюджеттен бөлүнгөн акча бекер эле коромжу болуп жатканын негиз тутуп бул имаратты бала бакчага айлантуу боюнча демилге көтөргөн. Петрушевский бул жерде жеке кызыкчылыктар бар деген оюн билдирген.

Кароосуз калган балдар тарбияланган борбордо азыр 21 бала жашап жатат. Мекемеге мэриянын бюджетинен жыл сайын 13 миллион сом бөлүнөт. 

https://www.azattyk.org/a/29985936.html