Бишкекте “Орозо айт маарек болсун!” майрамы өтөт

7 июня 2019 Бишкекте “Орозо айт маарек болсун!” майрамы өтөт

Бүгүн 7-июнда Бишкекте “Орозо айт маарек болсун!” деп аталган майрамдык иш-чара өтөт. Көргөзмө, жарманке, кызыктуу мелдештер жана оюндар уюштурулат.

Мусулман элдеринин маданиятынын фестивалы өтүп, балдарга жана чоңдорго арналган интерактивдүү аянтчалар ачылат.

Майрамды “Умма” ислам журналы Бишкек шаарынын мэриясы жана Биринчи Май районунун акимчилигинин колдоосу менен уюштурууда.

Негизги максат - түрдүү конфессия жана улуттар ортосунда диалог түзүүгө көпүрө болуп, достук мамилелерин чыңдоо.

Бир айлык орозодон кийин 5-июнда кыргызстандыктар Орозо айт майрамын белгилешти.

Иш-чара Курманжан датканын эстелигинин жанындагы аянтчада өтөт. 

https://www.azattyk.org/a/29985857.html