Окумуштуулар адамдын ажалы келгенин билдирген коркунучтуу белгини айтышты

7 июня 2019 Окумуштуулар адамдын ажалы келгенин билдирген коркунучтуу белгини айтышты

Окумуштуулардын айтымында, адам жытты жакшы сезбесе, дароо дарыгерге кайрылышы керек.

Жыт сезүү жөндөмдүүлүгүнүн кескин төмөндөшү же такыр жыт сезбей калышы адамдын алдыдагы он жылда мезгилсиз каза болуу коркунучун 50 пайызга арттырат. Бул тууралуу Мичиган штатындагы университетинин окумуштуулары Annals of Internal Medicine журналында жарыялашты.

Окумуштуулар жыт сезбей калуунун эрте өлүмгө кандайча алып келерин биринчи жолу изилдеп, ортодогу байланышты аныктап көрүштү. Белгилүү болгондой, жыт сезүү жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшү айрыкча улгайган адамдарда көп кездешет.

Изилдөөчүлөр АКШнын 71 жаштан 82 жашка чейинки 2289 жашоочусу тууралуу маалыматтарды анализдеп, жытты жакшы сезбей калуу өлүм коркунучун күчөтөрүн далилдешти. Башкача айтканда, бул ден соолукта бир мандем барын билдирет, бирок Альцгеймер же Паркинсон дартына катышы жок болуп чыкты.

Окумуштуулар жытты начар сезгениңизди байкасаңыз, милдеттүү түрдө дарыгерге кайрылыңыз деп кеңеш беришет.