Кыз жигитине таарынып, кыздыгын сатыкка койду

5 ноября 2018

Диний окуу жайдын бүтүрүүчүсү, 23 жаштагы кыз кыздыгын сатыкка койду. Ал мындай кадамга жигити менен таарынышып, айрылышкандан кийин барган.Бул тууралуу Mirror басылмасы кабарлайт.

23 жаштагы Бейли Гибсон Калифорния штатына караштуу Сакраменто шаарында жашайт. Анын айтымында, ата-энеси ага бала кезинен телевизордон бири гана диний программаларды көрүүгө уруксат беришкен. Ал эми 16 жашка толгондо Бейли жабык христиан мектебине барган. Анда кызга эркек кишилер менен сүйлөшүүгө тыюу салынган.

Окуу жайын аяктагандан кийин Гибсон жигит менен таанышып, тойдон кийин бир гана ошого берилемин деп кыялданат. Бирок, жаш жигит никени күтө албай, мурунку сүйүктүүсү менен төшөктөш болгон.

Муну билген Бейли өзүнүн кыздыгын аукционго койду. Аукцион башчысынын айтымында, кыздык белгини акчага сатууга болот. Жакында ал 20 жаштагы селкинин кыздык белгисин 400 миң долларга сатып, бул сумманын жарымын өзүнө алганын айтат.