Аталардын декретке чыгышынын 5 артыкчылыгы

6 июня 2019 Аталардын декретке чыгышынын 5 артыкчылыгы

2015-жылы биринчи балабыз менен төрөтканадан үйгө кайтып келген түн мурдагыдай эле көз алдыма элестейт. Бир нече күндөн кийин биздин үй таштанды жерге айланды да калды. Анда памперстер, жалаяктар, кийим-кече, тамак-аш, жуулбаган идиш аяк, кир кийим, эмерек жана баары башаламан абалда калды. Эң негизгиси биздин ымыркайга мунун баары ыңгайсыздык жаратып жаткандай сезим калтырды. Мен ушунчалык чарчагандыктан, ваннадагы сууну ачык бойдон калтырып, уктап кеткенимден үйдүн жарымын суу каптатканы да эсимде.

Бир-нече минуталардын ичинде эле окуялардын өнүгүшү жана биздин үйүбүздө орнотулган тартип түп тамырынан өзгөрдү. Ымыркайлар өз муктаждыктары менен төрөлүшөт, алгачкы бир нече жумада жана айларда алардын муктаждыктары өтө татаал жана көйгөйлүү болушу мүмкүн.

Быйыл экинчи балабыз төрөлдү. Бул жолу баары жөнөкөйрөөк болду, анткени кандай “бороон” болоорун биз алдын ала билчүбүз. Ушул тууралуу ой жүгүртүп, мен канчалык бактылуу экенимди аңдап турам, анткени мен Бириккен улуттар уюмунун тутумунда иштейм. Ар бир жолу аялым экөөбүз (ал да иштейт) ата-эне болгон сайын, мага ата катары баланы багууга берилүүчү укуктуу бир айлык өргүүмдү алабыз.

Жакында балалуу болгон биздин башка досторубуз бала төрөлгөндөн кийин төрт же беш күнгө гана созулган өргүү алышат. Менин айрым ата болуп калган теңтуштарым мурдагыдай эле эптеп атып болгону бир жумага өргүү алышат. Алар мындай бала төрөлгөндө алынуучу өргүүнү ыңгайсыздык менен алышат, анткени аны айланасындагылар өз ишине анчейин берилбеген кызматкер катары карап калышат деп кооптонушат. Жумуш ордундагы жүрүм-туруму, социалдык өгөйлөө жана эркек болгон соң “багуучу”, “табышкер” болуу керек деген түшүнүк психологиялык тоскоолдуктарды жаратат.

Дал ушул жогорудагы себептерден улам бала төрөлгөндүгүнө байланыштуу аталар алуучу өргүүгө көбүрөөк көңүл бурулушу керектиги тууралу ой толгоолорумду баяндап берүүнү туура көрдүм.

1. Бул азырынча өтө сейрек кездешүүчү көрүнүш. Эркектер бала багууга байланышкан өргүүнү пайдалануу деңгээли бүтүндөй дүйнөдө кадыресе көрүнүшкө айланып баратат. Анткени менен, 12 айга чейинки бардык ымыркайлардын үчтөн экиси (болжол менен 90 миллион адам) алардын аталарына бала төрөлгөнүнө байланыштуу акы төлөнүүчү өргүү алууга мыйзам жол бербеген өлкөлөрдө жашашат. Мен Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасында иштейм, Кыргызстанда жашайм. Бул өлкөнүн мыйзамдарына ылайык баланы багууга байланышкан өргүүнү атасы, энеси же ымыркайдын камын көрүп, аны баккан башка тууганы же жакыны алса болот. Бирок, эркектер үй-бүлөдө башкы багуучу социалдык статусуна ээ болгондуктан алардын декретке чыгууга мүмкүнчүлүгү чектелүү, анткени өргүүнүн андай түрү төлөнбөйт.

2. Маданий кош стандарттуулук. Аталар өзүлөрү адаттагы ишин жасоого көнгөн, ал эми эненин милдети өзүнөн өзү эле келип бала багууга такалат да баланы кароо милдети энелердин мойнуна жүктөлөт. Мени досторум жана ата-энем уулум төрөлгөндө аны багыш үчүн төрт жума өргүү алганымды макташты. Ошондо мен үчүн кадыресе болгон көрүнүш башкалар үчүн нормага айлана электигин түшүндүм.

3. Жаңы төрөлгөн ымыркайды тарбиялоо – бул эбегейсиз стресс, ал татаал, обочолонгон жана жаңы төрөгөн аялды жалгызсыратат. Декретке чыккан ата баланы караган негизги адам болуп калат. Эркек киши мында аялдын кыйынчылыктарын өз башынан өткөрүп, анын эмгегин баалап калат. Мындай көйгөйлөргө жалгыз дуушар болуп жаткандай сезишкен жаш энелердин стрессин басаңдатат.

4. Баланы кароо, арийне, атанын да, эненин да милдети. Акы төлөнүүчү өргүү иштеген аялдарга жөлөк пул катары гана таризделбестен, иштеген үй-бүлөлөрдүн бакубат жашоосу үчүн өтө маанилүү көмөк болот. Аталардын декретке чыгуусу жаш үй-бүлөлөрдүн ынтымагын бекемдеп, бала кароого аталардын да кол кабыл кылуусуна шарт түзөт. Мындай стандарттарды орнотуу менен аларды келечекте бара-бара нормага айлантууга мүмкүн болот.

5. Бала багуудан качпаган жигердүү аталар аялдардын укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейишине шарт түзөт. Жоопкерчликтүү аталар өргүүгө кетет, аялдарына кызматтык даражасынын өсүшүнө шарт түзөт. Өз баласын карап жаткан аталарды көрүү кубанычтуу, ал эмгек рыногундагы гендердик теңсиздикти кыскартат. Дектертке чыккан аялдар эмгек акысынан убактылуу айрылат.

Кыргыз Республикасындагы Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы биздин ишибизде гендердик теңдик принцибин күчтөнтүп жатабыз. Биздин эркек кызматкерлерибизди баланын төрөлгөнүнө байланыштуу өргүү алуусун жана багуу милдетин бөлүштүрүүнү колдойбуз.

Аталардын декретке чыгуусу жынысына карабастан жумушта да, жеке жашоодо да теңдикти орнотот. Өргүүнүн узактыгын энелер менен аталар үчүн теңдөө, жынысы боюнча, иши жана үй милдеттерине байланышкан мурдатан калыптанып калган маданий стереотиптерди бузууга алып келип, туруктуу өнүгүүнүн 5-максатына жеткирүүчү өтө инновациялык стратегияны көздөйт.