80 жаштагы дин кызматкери жаш жигитке үйлөнүп, акырында батиринен айрылды

5 ноября 2018

79 жаштагы Филип Климентс 24 жаштагы румыниялык моделге үйлөнүп, аягында батиринен айрылып калды. Бир жыныстуу ашыктар интернет аркылуу таанышкан. Көп узабай көңүлдөрү туура келип, үйлөнүүнү чечишкен.Бул тууралуу Metro басылмасы кабарлайт.

Жашы 80ге таяган карыя Сендвичтеги үйүн сатып, сүйүктүүсүнө Бухаресттен үй алып берген. Бирок, арадан бир нече күн өткөндөн кийин чал жаш “күйөөсү” менен араздашып, акырында экинчиси муну таштап кеткен.

Бир жыныстуу ашыктар өткөн жылдын апрель айында үйлөнүшкөн эле. Баардыгы ойдогудай болуп жаткан, бирок сакалы оозуна түшкөн карыя жат жерде өзүн ыңгайсыз сезгенин жашырбайт. Румынияда анын тааныштары аз, ары ал румын тилин билбейт болчу.

“Апрелде ушул жакка келдик, убакытты жакшы өткөрчү элек. Кинотеатрга, дүкөнгө барчубуз. Ал мени күлдүрүү үчүн баарын жасачу. Август айынын аягында мен кээ бир маселелерди чечүү үчүн Англияга келдим. Ал эми кайра кайтып баргандан кийин араздашып алдык”,-дейт Климентс.

Жашы келип калган карыя жарынын келечегин ойлоп, башпаанегин анын атына жаздарып койгонун айтат.

“Кийинки жылы 80ге толом. Ал коопсуз жерде болсун деп ойлодум. Өлүм жакындаган кезде үй маселеси менен башымды ооруткум келген жок. Бирок, жакын арада ажырашып кетебиз деп ойлогон эмес элем. Досторум анын мага тең эмес экенидигин айтышкан эле. Эми үйүмдү сатып жибергениме өкүнүп жатам”, -деп агынан жарылды ал.

Бирок, Климентс мырза Флорин менен кайра байланышканын жашырган жок. Айтымында, экөө бири-бирине кайра кат жаза башташкан.

“Болгон ишке өкүнгөндөй көрүндү. Ага экинчи мүмкүнчүлүк берет окшойм. Биз душман эмесбиз жана мени менен акча үчүн жүрөт деп ойлобойм, себеби акчам да аз калды. Ажырашкым келбейт. Ал да менден башка эч кимди каалабайт экенин айтты”, -деп түшүндүрдү Климентс.