Орок айылынын эки башына блокпост коюлган.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жаңжал чыккан Орок айылына барып кырдаалга байкоо салып жүрөт.
Анын айтымында, Орок айылынын эки башына блокпост коюлган. Кирип-чыгып жаткан ар бир унааны жол инспекторлору токтотуп текшерип жатат. Жеринде ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев жүрөт.
Ал эми ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Нурлан Исмаилов күчөтүлгөн тартипте көзөмөл жүрүп жатканын билдирди.
“Укук коргоочулар айылдын тегерек четин кыдырып коомдук тартипке көзөмөл жүргүзүүдө. Караңгы киргенден кийин башаламандык болгон жок. Учурда абал туруктуу", - деди Исмаилов.
Мындан сырткары, кабарчы Жал менен Орок айылынын ортосунда 50 чамалуу жергиликтүү тургун чогулганын билдирди. Алардын жанында 10-15тей машина турат. Бирок алар жай эле чогулганын айтып, башаламандык болбой турганын кошумчалашты.
Жаңжал 5-июнда эртең мененки саат 8.30дар чамасында Сокулук районунун Орок айылында чыккан. Милициянын маалыматы боюнча, жергиликтүү өспүрүмдөр айт намазынан чыккандан кийин айтыша кетип, мушташ чыккан. Эки өспүрүм ооруканага жаткырылган, алардын абалы туруктуу.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 266-беренеси боюнча (бейбаштык) каттоого алынган.