Аида Салянованын бөгөт чарасы аныкталат

4 июня 2019 Аида Салянованын бөгөт чарасы аныкталат

Бүгүн 4-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Аида Салянованын бөгөт чарасы каралат.

Мурдагы башкы прокурор жана "Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 3-июнда кечинде 48 саатка кармалды.

Парламенттеги “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү келтирилерин айтты.

Анын белгилешинче, Саляновага каршы көрсөтмөнү мурдагы атайын прокурор берген. Ал да кармалып, бирок тергөө менен кызматташарын айткандан кийин үй камагына бошотулган.

Буга чейин Салянова Батукаевдин бошотулганын ал өлкөдөн чыгып кеткенден кийин гана билгенин "Азаттыкка" айткан болчу.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кетишине байланыштуу кылмыш иш быйыл кайра иликтене баштады. 

https://www.azattyk.org/a/29980135.html