Жаштыкты кантип узартуу керек. Окумуштуулардан 5 кеңеш

4 июня 2019 Жаштыкты кантип узартуу керек. Окумуштуулардан 5 кеңеш

Бул кеңештерди колдонгон адам карылыкты дагы бир топ жыл артка сүрүп сала алат дешти.

Окумуштуулар жаштыкты узартуу боюнча бир нече кеп-кеңештерди бергендигин "Известия" басылмасы жазды.

Биринчиден, дене бойду жакшы кармаш керектиги айтылды. Тажрыйбада спорт менен машыгып, дене боюн чымыр алып жүргөн улгайган кишилерде холестериндин көлөмү кадимки деңгээлден төмөн экендиги анык болгон. Иммундук система кээ бир жаштарга салыштырмалуу жакшы болуп чыккан.

Экинчи орунда клетчаткаларды пайдалануу турган. Жемиштер, жашылчалар жана дан азыктарын көбүрөөк жеп туруу кан тамырларды бекемдеп, мээнин иштешин жакшыртары айтылган. Андан сырткары, белокту колдонуу да маанилүү.

"40 жаштан кийин организм булчуңдарын кадимкидей эле жогото баштайт. Негизи адам тамактанганда 20-25 грамм белок жеп турушу керек. Аларды жаңгактан, сүттөн, буурчактардан жана майсыз эттен алууга болот", — деп жазылат маалыматта.

Ичеги карындардын микрофлорасын карап, ага кам көрүп туруу да маанилүү. Антпесе, бул башка илдеттер менен катар эле улгайгандардын алжып калышына алып келиши мүмкүн. Адистер чылым чегүүдөн, алкоголь ичүүдөн баш тартып, тамак жегенди көзөмөлдөп туруу зарылдыгын айтышты.

Басып, сейилдөө да маанилүү. Таза абада жүргөндө организм жаш өйдөлөй баштаганда кездешчү ооруларга каршы турган D витаминин алат дешти.


 https://sputnik.kg/society/20190604/1044563798/zhashtykty-uzartuu-boyuncha-besh-kenesh.html