Абылгазиев "Азаттыктын" иликтөөсүн тез арада териштирүүнү тапшырды

4 июня 2019 Абылгазиев "Азаттыктын" иликтөөсүн тез арада териштирүүнү тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтылган фактыларды текшерүүнүн жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү. Анда иликтөөдөгү фактыларды текшерүү иштери талкууланганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, жыйында Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев «Азаттык» радиосунун иликтөөсүндө айтылган акча каражаттарын чыгарып кетүү фактылары боюнча мекеменин корутундусу 2014-жылы Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилген деп билдирди. 2016-жылы ал корутунду кайрадан Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына (Финансы полициясы) өткөрүлгөн.

Анарбаевдин айтымында, азыркы кезде Финансылык чалгындоо кызматы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы менен чогуу 700 миллион долларды Кыргызстандан чыгарып кетүү фактыларын кайра иликтөөгө киришти.

Премьер-министр тиешелүү органдарга териштирүүнү тездетүү тапшырмасын берди.

«Азаттык» 29-майда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө мамлекеттен чыгарылып кеткен миллиондогон долларга Матраимовдордун ыктымалдуу катышы бар экени айтылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 3-июнда иликтөөдө айтылган суммалар чындыкка дал келбей турганын, ага-инилери менен чогуу жасап жаткан иштери мыйзам чегинде экенин билдирди.

https://www.azattyk.org/a/29980268.html