Ысык суунун токтотулушуна "Газпром Кыргызстан" ишканасы тарабынан жүргүзүлүп жаткан газ түтүктөрүн ремонттоо иштери себеп болууда.
"Бишкекжылуулукэнерго" ишканасы 14-июнга чейин борбор калаанын айрым жерлеринде ысык сууну кайрадан өчүрүүгө аргасыз. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.
Ысык суу төмөнкү даректерде болбойт:
Патрис Лумумба көчөсү №48-110;
№110 бала бакча;
Кустанай көчөсү, №38, 40;
Астрахань көчөсү, №33;
Нарвская көчөсү;
Профсоюз көчөсү;
Сельпо көчөсү;
Жибек Жолу, №625.
Ысык суунун токтотулушуна "Газпром Кыргызстан" ишканасы тарабынан жүргүзүлүп жаткан газ түтүктөрүн ремонттоо иштери себеп болууда.
Эске салсак, Бишкекке ысык суу 3-июндан тарта, тагыраагы, мөөнөтүнөн үч күн мурун бериле баштаган.
Шаар тургундары ысык сууга байланыштуу маселелер боюнча "Бишкекжылуулукэнерго" ишканасынын 0312 21-28-47 номерине кайрылса болот.
https://sputnik.kg/society/20190604/1044564373/bishkek-ysyk-suu-mehriya-remont.html