Кыргызстан Сирия жана Ирактагы жарандарын кайтарып алат

4 июня 2019 Кыргызстан Сирия жана Ирактагы жарандарын кайтарып алат

Кыргызстандын тиешелүү органдары Ирактагы кыргыз жарандарын аныктоо ишин аяктады, учурда аларды мекенине кайтаруу маселеси талкууланып жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Сириядагы кыргызстандыктар боюнча да ушундай эле иш-аракеттер жүрүп жатат.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков дүйшөмбү күнү Ирактын пенитенциардык мекемелериндеги жана Сириянын аймагындагы кыргыз жарандарына байланыштуу кеңешме өткөрдү.

Ага чейин курамына тиешелүү органдардын өкүлдөрү кирген мекеме аралык жумуш тобу түзүлгөн болчу.

Согуш жүрүп жаткан Сирияга түрдүү себептер менен кетип калган кыргыз жарандарынын саны 600дөй экени расмий айтылган. 

https://www.azattyk.org/a/29980127.html