Окумуштуулар 1 секундда кубат алуучу өзгөчө батарея ойлоп табышты

5 ноября 2018

Кытайдын Жыжиян университетинин окумуштуулары 1,1 секундда кубат алуучу, суук менен ысыкка чыдамдуу жаңы батареяны ойлоп табышты.Бул тууралуу Lenta.ruбасылмасы кабарлайт.

Аталган батарея ысыкта да, суукта да чыдамдуулугу, ары бүктөөгө боло турган ийкемдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт. Анын бир графени жука кабырчыктуу, экинчи бети түстүү металл.

Эки даана батареяны бир бирине улаштырсаңыз LED шамы жанат. Ал эми кубаттоо дарамети 120120mAh/g. 250 миң жолу токтоосуз иштегенден кийин да кошумча 91 пайыз кубат алат экени аныкталган.

Мындан тышкары, бул батареяны -40 градус сууктан 120 градус ысыкта дагы колдонууга болот.

Казакстанда педофилдер мыйзамдуу түрдө химиялык жол менен бычтырыла турган болду

2018-жылдын 1-январынан баштап Казакстанда педофилдер химиялык жол менен бычтырыла турган болду.

Казакстан Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев 2016-жылдын апрель айында балдар укугун коргоого карата көптөгөн документке кол койгон эле. Аталган документтердин бири педофилдерди химиялык жол менен бычтырууну караштыруу болгон.

Өлкөнүн башкы прокуратурасынын билдиргенине караганда, аталган мыйзам боюнча эми жашы жете элек балдар менен жаш өспүрүмдөрдү зордуктагандарга кандай болсо да, шарттуу түрдө жазалоо, амнистия колдонуу, алар менен процессуалдуу келишимдерди жасоо сыяктуу жеңилдиктер болбойт.

“2018-жылдын 1-январынан баштап соттун чечими менен химиялык жол менен бычтыруу колдонулат, башкача айтканда кылмышкерлерге жыныстык катнашты каалоону төмөндөтө турган дарылар берилет”, -деп жазылган билдирүүдө.

Аталган норма 18 жаштан ашкан кылмышкерлерге колдонулат. Аталган мыйзамды Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги даярдаган.