Муфтий мусулмандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды

4 июня 2019 Муфтий мусулмандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Максатбек Токтомушев орозо айтка байланыштуу талаштан улам элге кайрылуу жасады.

4-июнда таратылган видокайрылууда ал Сауд Арабиядан башка жерлерде айт бир күндө болорун айтты:

"Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Индия, Пакистан, Австралия, Малайзия, Индонезия, Корея, Жапония, Дагестан, Кувейт, Египет, Иордания, Сирия сыяктуу республикаларда 5-июнда айт майрамы белгиленет. 4-июнь орозонун акыркы күнү. Дүрбөлөңгө түшүп, орозоңуздарды бузбагыла! Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жоопкерчиликти мойнуна алат".

Орозо айы 6-майда башталган. Айдын чыгышына карап, Сауд Арабия, Орусия, Түркия өңдүү мамлекеттер айтты 4-июнда белгилешет. Мындан улам кыргызстандыктардын арасында ача пикир жаралып, айрымдар орозосун ачып, айтты тосууга социалдык тармактар аркылуу чакырык таштап жатышат.

Буга чейин да айт күнүнө байланыштуу ушул өңдүү талаштар чыккан.

Быйыл айт намазына байланыштуу эрежелер да өзгөрүп, ал Бишкекте гана эски аянтта окулат. Башка аймактарда чоң мечиттерде болот. Анын себеби так айтылган жок.

Кыргызстанда калктын 80 пайыздан көбүн мусулмандар түзөт. 

https://www.azattyk.org/a/29980205.html