Сепкилден кантип арылууга болот?

4 июня 2019 Сепкилден кантип арылууга болот?

Славян эли менен Латын Американын жашоочулары үчүн сепкил сулуулуктун белгиси болсо, биздин кыргызда тескерисинче, жазда кээ бир кыз-келиндердин беттеги табигый такты жашыруу үчүн түрдүү упаларды коюу менен убара болушат.

Косметолог адистер сепкилдин ар бир мезгилде кайталанып чыгып турган өзгөчөлүгүнө таянып, анын пайда болуусунун алдып алган же азыраак чыгуусун, каныккан түсүнүн жок болушун камсыз кылган бир аз эрежелерди чогултушкан. Айрыкча, адистер февраль айынын башынан баштап күндө тамагыңызга С витаминине бай азыктарды колдонууга кеңеш беришет. Сепкил бетте өтө көбөйүп кетпеши үчүн алдын ала дарылоо чараларын көргөнүңүз туура болот.

Ал үчүн:

- Каакым гүлдөрүнүн кайнатмасы, майдаланган хрен, уюган сүт менен талкаланган бадамдан жасалган маска жардам берет;

- Бетиңиздин бир аз бөлүгүн жаап туруучу күн нурунан сактоочу көз айнек менен күндөн коргоочу шляпа же кепка кийип жүрүңүз;

- Сепкилдин тагын билдирбөө үчүн бетти ачыган айран менен сыйпап, суутек кычкылынын 3 проценттик эритмеси менен сүртүү натыйжалуу;

- Күн сайын тамактануу рационуңузга С жана РР витаминдерине бай тамак-аштарды кошуңуз. Айрыкча жемиштерди, жашылчаларды көбүрөөк жегенге аракет кылыңыз;

- Эгер күн өтө ысык болсо, кеч киргенче бөлмөдөн мүмкүн болушунча чыкпоого аракет кылыңыз.