Өлүүгө тыюу салынган шаар аныкталды

4 июня 2019 Өлүүгө тыюу салынган шаар аныкталды

Норвегиянын Лонгйир шаарында кандайдыр бир иш-аракеттердин натыйжасында каза болуу мыйзамсыз болуп саналат. Бул тууралуу Technology.org кабарлайт.

Бул шаарда кенчилер менен окумуштуулар эмгектенишет. Мындан тышкары, бул жерде өлүм менен кыйналуу мыйзамсыз болуп табылат.

Шаардын жашоочулары каза болуу үчүн Лонгйир шаары жайгашкан Шпицберген полярдык архипелагынан кетүүгө аргасыз.

Ошентсе да, “өлүмгө тыюу салуу” расмий кабыл алынган эмес, бир гана сунуш катары айтылган.

Окумуштуулардын айтуусу боюнча, архипелагдагы төмөн температура адамдын денесин түбөлүккө сактайт. Ошол үчүн, Шпицбергенде жерге берилген адамдар жугуштуу оору таратышы мүмкүн деп коркушат.

1988-жылы табылган сөөк жугуштуу оору таратканы белгилүү болду. Бул эпидемиядан 100 миллион адам каза болгон.

Лонгйир шаарынын жашоочуларына мышыкты көчөгө алып чыгууга болбойт. Ал эми спирттик ичимдиктер бир адамдын нормасына ылайык көлөмдө берилет.